Депутат Ташполот Балтабаев бүгүн, 28-ноябрдагы ЖКнын жыйынында Латвиянын премьер-министри менен Кыргызстандын өкмөт башчысынын саясий маданиятын салыштырды.
“Жакында Ригада 50 адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча таптакыр тиешеси жок болсо да өлкөнүн премьер-министри өзүн күнөөлүү сезип, кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. А биздин премьер-министр жол кырсыктарынан миңдеген адамдар көз жумуп жатса деле кебелбейт. 9 айда Кыргызстанда 1000дей адам автокырсыктан каза тааптыр. Өкмөт бул маселе боюнча бир да жыйын өткөргөн жок. 8 миңдей жаран окубай туруп айдоочулук күбөлүк алыптыр. Буга чара көрбөсө болбой калды”,- деди Балтабаев.
Депутат Кыргызстан калкынын саны боюнча алганда автокырсыктардын саны боюнча дүйнөдө алдынкы орунга чыкканын кошумчалады.