Биз социалдык тармакта

Министрдин орун басары «Акыркы сабак» сериалынын башкы каармандары менен жолугушту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков «Акыркы сабак» сериалынын башкы каармандары менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шералы Сыдыков атындагы спорт колледжинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков продюсер Ислам Сатаров, алып баруучу Айзада Жамгырчиева жана «Акыркы сабак» сериалынын башкы каармандары менен жолугушуу өттү.

Каармандар алдыга койгон максаттары, ийгиликке жеткен кадамдары тууралуу маалымат берип, жолугушуу эркин форматта өттү.

Соңунда студенттерге мотивация берүүчү китептер белек катары тапшырылып, мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүп турууну макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан