Ош. Шаарда унаа тыгынын азайтуу максатында жаңы маршруттук каттамдардын схемасы ишке кирди

Ош шаарындагы Тилеке баатыр жана Кара-Суу көчөлөрүн бириктирген маршруттук каттамдар үчүн жаңы жол ачылды. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча агенттиктин жетекчиси Шайлообек Атазов билдиргендей, коомдук транспорттор жаңы жолду пайдалана баштагандан тарта Масалиев жана Зайнабетдинов көчөлөрүндөгү унаа тыгындары азайды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат катары айта кетсек, шаардагы жаңыдан курулуп жаткан эстакада көпүрөсү Навои көчөсүнө курулуп жатканына байланыштуу шаарда унаа тыгындары пайда боло баштаган. Ал эми аталган көпүрөнүн курулуш иштери  5-октябрь шаар күнүндө капсула салуу аземи менен башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан