Ош-Минеральные Воды (Орусиянын шаары) багыты боюнча 29-апрелде саат 16:00дө уча турган учак аэропортто кармалып турат. Маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова тастыктады.
Ал аталган учак Орусиянын Минеральные Воды шаарынан бүгүн учуп келгенин, кайра жүргүнчүлөрү менен учуп кетүүсү керек болгонун, бирок азыр каттам кармалып турганын билдирди.
Ал эми Транспорт министрлигине байланышканыбызда бул каттамдагы учактын сертификаты жана каттоосу текшерилип жатканын кабарлашты.