Биз социалдык тармакта

"Депутат ыр ырдап...". Бишкектин туулган күнү кандай майрамдалды?

Бүгүн, 29-апрель күнү "Ала-Тоо" аянтында борбор калаабыз Бишкектин 144 жылдыгына арналган майрамдык кече болуп өттү.

Концертте Сыймык Бейшекеев, Калыс Жакыпов, Малика Дина, Гүлназ Чыныбек кызы жана башка өнөр адамдары ыр, бийлерин тартуулашып, шаар тургундарын шаңга бөлөдү.

Андан соң Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаар тургундарын куттуктады.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Асанбеков ырчы Акбар Сүйүнбаев менен биргеликте "Бишкек" аттуу ырды келген конокторго аткарып беришти.

Концерттин дагы бир өзгөчөлүгү космонавт Сергей Корсаковдун космостон кыргыз элине айткан видео куттуктоосу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан