Улуттук копсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу Эмир-Хан Кыдыршаев өзүнүн туулган күнүндө лейкоз менен ооруган ымыркайга акчалай жардам берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бүгүн менин туулган күнүм жана ушул ыйык Рамазан айында мен кичинекей Ратмирчикке жардам бергим келди. Жаратканым анын сакайып кетүү жолун жеңилдетсин", - деп жазды ал.
Эмир-Хан Кыдыршаев наристеге 233 евро которгон.