Социалдык өнүктүрүү министрлиги: “Өлкөдө майып балдардын саны көбөйүүдө”

Өлкөдө 18 жашка чейинки майып балдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда “Психикалык жактан жабыркагандарга бейтапканадан сырткары жардам көрсөтүүдөгү жаңыча кадамдар” аттуу конференцияда социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси Курманбек Укупов маалымдады. 

Анын айтымында, статистика боюнча 2012-жылы 4 669 бала майып бала болсо, анын 12,5 пайызы психикалык жактан жабыркагандар. 

“Министрлик бүгүнкү күндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомго аралашуусу жана коомчулуктун гумандуулугу боюнча иш алып барууда. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жана алыскы аймактардагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн дарылануу үчүн заманбап каражаттар жетишсиз болууда. Бизде комплекстүү кызмат көрсөтүү жагы аксап келет. Көйгөйдү чечүү үчүн улуттук психиатриялык программаларды иштеп чыгуу керек”,- деди Укупов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан