ЖКнын 28-ноябрдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу Орусиядагы мигранттар кыргыз өкмөтүнө нааразы экенин айтты. Айтымында, мигранттар өкмөт мүчөлөрү сөзүнө турбаганы үчүн капа болушууда. “Жакында Москвада диаспора өкүлдөрү жана мигранттар менен жолугуштум. “Министрлер Орусияга келгенде биз менен жолугушуп убада беришет, кийинки жолу министрлердин орун басарлары келип башканы айтышат” дешти. Мигранттар өкмөт өкүлдөрү Орусияга келгенде алгач мигранттар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн уккандан кийин гана расмий жолугушууларга барса деген өтүнүчтөрүн айтышты”,- деди Бакир уулу.
Бакир уулу 22 жашка толо элек кыздарды чет өлкөгө чыгарбоо тууралуу Жогорку Кеңештин токтому аткарылбай жатканын айтты. “Мигранттар 22 жашка толо элек кыздар Орусияга барып, ар кандай кыйын тагдырларга туш болуп жатканын билдирип, токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну суранышты”,- деди депутат.