Баткен облусунун Лейлек районунда жол кире акыларын көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБинин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери парктарга, автобекеттерге барып айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Айт, арапа майрамдарга карата транспорт каттамдар жанданып, жеке такси кызматтар күнү-түнү иштеп жүргүнчүлөрдү ташууда.
Исфана-Бишкек жеке маршруттук каттамдардын коопсуздугун текшерүү менен биргеликте айдоочулар жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Лейлек районунун аймагында жеке такси кызматтарында жана коомдук транспорттук каттамдарда жол кире баасы туруктуу.