Бүгүн, 2-май күнү борбор калаадагы эски аянтта (ред.; өкмөт үйүнүн асты) айт намазы окулду. Айт намазынын алдында муфтий Замир Ракиев баштаган дин аалымдары сөз сүйлөп, кыргыз элин орозо айт майрамы менен куттукташты.
Эске салсак, былтыр, 2021-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Орозо айт жана Курман айт намаздары эски аянтта окулган эмес.