Нарында жер титиреди

Нарын облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-майда саат 19:47де Нарын облусунун аймагында жер титиреди. Очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан