20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Ош шаарынын борбордук аянтында ачык асман алдында анын штабын түзүштү. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөсү Марипат Осмоналиева бүгүн, 28-ноябрда билдирди.
"Биз штаб ачуу үчүн буга чейин борбордук аянтка боз үй тигүүгө аракет кылганбыз. Бирок буга укук коргоо органдары уруксат бербей коюшту. Эми биз минтип эшикте болсо да отурабыз. Учурда ар кайсы аймактардан келген жарандар катталып, катарыбызга кошулуп жатышат. Алардын арасында өз каалоосу менен Аксыдан, Баткенден келгендер да бар",- дейт бул тууралуу Осмоналиева.