Асель Байбосунова 1977-жылдын 15-августунда Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында туулган. 1984-жылы орто мектептин босогосун аттап, 1994-жылы мектепти артыкчылык менен аяктаган. Ошол жылы Балыкчы шаарындагы Менеджмент жана укук институтунун юридикалык факультетине тапшырып, 1998-жылы ийгиликтүү аяктаган. Алгачкы эмгек жолун 1999-2001-жылдары Жети-Өгүз райондук аскер комиссариатынын II, V- бөлүмдөрүндө иштөөдөн баштаган. 2001-жылы Ж.Баласагын атындагы КМУнун юридикалык факультетине тапшырып, аны 2004-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 2005-жылдын май айында ИИМге караштуу Ж.Шабиров атындагы атайын мектебин ийгиликтүү аяктап келип, Каракол ШИИБинде учеттук-каттоо тартибинин ага нускоочусу болуп эмгектенген. 2007-жылдан бери Балыкчы ШИИБинде тергөөчү, инспектор катары эмгектенип келет. Үй-бүлөлүү. Милициянын отличниги, Кыргыз милициясынын «Датка айым», «Азамат- I», «Азамат- II» медалдардын жана көптөгөн Ардак грамоталардын ээси.
"Милиция кызматына жаңы кирген учур. 2005-жылы март революция болуп, өлкө боюнча саясий кырдаал абдан оор болуп жаткан учур. Ошол убакта Каракол шаарында окуп жүргөм. Ал кезекте жаңыдан бизге милициянын кызматтык формасын берген эле, форманы эртерээк эле кийип, кызмат өтөгөнгө шаштык. Күндүзү кесиптик даярдыктар боюнча сабактарды окуп, кечкисин жана түнкүсүн революция убагында шаарда мародёрлук, талап-тоноочулукка жол бербөө максатында бизди маршруттарга бөлүп, шаардын ичине патрулга чыгарды.
Каракол шаары жаштардын шаары дегендей, кечкисин шаарда бардык мыйзамсыз иштерге барчу жаштар түнкүсүн көчөлөргө чыгышты. Биз 1 офицер жана 4-5 курсант болуп, түнкү патрулга чыктык. Ошол убакта көчөдө жүргөн революциянын алкагы менен ажаандашкан топтошкон адамдар бизди терс көз караштары менен карашып, ар кандай жаман сөздөр менен кайрылышып, чагымчылдык кылып турушту. Ошолордун ичинен айрымдары мени карап «эй кыз, сен эмне кылып жүрөсүң түн ичинде, кетип калчы» - дешип, мага мазактоо иретинде айтып жатышты. «Мен милиция кызматкеримин, өз милдетимди аткарып жүрөм» - деп катуу жооп бердим. Ошол күндөн баштап милиция формасын кийип, ант бергенден кийин эл-жери үчүн ак кызмат кылган мекенчил жана кесипкөй кызматкер болорумду өзүм үчүн чечип койдум.
Балыкчы ШИИБинде иштеп жүргөн учурда сабактан көп калган окуучу кыз бар эле. Үйүнө барсак үй шарты жетишпеген, энеси ичкен, эч жерде иштебеген, көп балалуу бүлө экен. Балдарынын баары сабакка барбай ар кайсы жерден майда уурулук, тилемчилик кылып, курсактарын өздөрү тойгузуп жүрө беришчү. Күндөрдүн биринде ал кыз жоголуп кетип, издөөгө алдык. Издеп жүрүп, шаардын көп кабаттуу батирлердин ичинен таап, маектешкен учурда ал кыз турмуштун оор абалында эч тарбия, энелик мээрим көрбөй, курсактары тойбой өсүп, кийимге жетпей классташтарынан уялгандыктан окууга барбай жүргөндүгүн, анысы аз келгенсип курбу кыздары менен конокко барган кезде аны зордуктап кеткендигин ыйлап айтып берди. Ошондой эле жашоого көңүлү жоголуп, жашагысы келбей жүргөнүн билдирди. Мен ал кызды комиссиядан каратып, мектеп жетекчиликке айтып, бардыгына анын абалын билдирбей, ага моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп, мектепке тартып, уурулук жолдон алыстатуу максатында ага сабакка керектүү курал-жарактарын алып берип, дүкөндөрдүн ээлери менен сүйлөшүп, НПОлордун жетекчилери менен бирдикте кийим-кечектерин алып берип, сабакка жибердик. Ошондон кийин ал сабактан калбай жакшы окуганга аракет кылып, мектепте конкурстарга катышып калды. Азыркы учурда ал кыз турмушка чыгып, 3 балалуу болду.
Күндөрдүн биринде күбөлөрдү сурак кылуу учурунда, бир үйдүн кичине баласы “бул тиги таекемдин шлёпкасы, бул болсо биздин бычак, таекем аны менен күндө картошка аарчып турчу, азыр таппай калды ал бычагын, башка бычак менен аарчып калды”- деген маалыматты айтып берип, оор кылмыштын бети ачылган" - деди ал.