Режеп Тайип Эрдоган иш сапар менен Кыргызстанга келери маалым болду

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ушул жылы Кыргызстанга иш сапар менен келет. Бул тууралуу эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө маалым болду.

Маалыматка ылайык, Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Жээнбек Кулубаевди тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалады.

"Анда жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде Биргелешкен Стратегиялык пландоо тобунун кезектеги жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле ушул жылы Кыргыз Республикасы менен Түркиянын өлкө башчыларынын деңгээлинде стратегиялык кызматташтык боюнча жыйынды Кыргызстанда өткөрүү маселеси талкууланды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан