Мектептеги зомбулук: Президенттин администрациясы балдардын арасындагы мыйзам бузуулар боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз өлкөсүнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чыныбаева балдардын арасындагы мыйзам бузуулар, ата-энелердин жоопкерчилиги жана жашы жете электердин арасында зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туурасында президенттин администрациясынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, кеңешмеге президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери катышты.

Кеңешме жүрүшүндө акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында мектептеги зомбулук жөнүндө маалыматтар көбөйгөнү белгиленди. Буга байланыштуу өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарына жана министрликтерине мындай окуялардын алдын алуу жана аярлуу учурлар аныкталганда балага эрте жардам берүүнүн алгоритмин жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.

"Мындан тышкары жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү тапшырылды.

Ошондой эле, билим берүү мекемелеринин окутуучуларынын жана ата-энелердин арасында туруктуу түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мектептен тышкаркы уюмдарга балдардын ийримдерине жана спорттук секцияларга тартуу, мектепте смартфон колдонууга тыюу салуу маселесин иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди", - деп жазылат маалыматта.

Кеңешменин жыйынтыгында иш тобун түзүү, ошондой эле жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын жакшыртуу боюнча биргелешкен планды иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан