Социалдык тармактарда сүт ташыган унаадан сүттү сууга төгүп жаткан видео боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымат беришти.
Маалыматка ылайык, сүт ташыган айдоочу Сокулук районунун 30 жаштагы тургуну Г.Г. болуп чыкты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө сүт ташуучу унаанын айдоочусу чогултулган сүттү Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынан жана Жогорку Чүйдөн 30-апрелде чогултуп, сүттүн курамы белгиленген тийиштүү талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу сүт алуучу ишканага тапшыра алган эмес. Ошого байланыштуу 1-май күнү саат 11:00 чамасында Жаңы-Жер айылында сүт ташуучу унаанын айдоочусу 8,5 тонна сүттү сууга куюп, аны видеого тартып, кардарларына жөнөткөн.
Аталган факты Сокулук РИИБине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин сүт ташыган унаадагы сүттү сууга төгүп жаткан видео тараган.