Ош шаарында Орозо айт намазын 13 миңден ашык адам окуду

Бүгүн, 2-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулду.
Мэриянын маалымат кызматынан белгилешкендей, ага шаар мэри Алмаз Мамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, аксакалдар жана бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынын тургундары катышты.
"Бүгүн ыйык Рамазан айы аяктагандан кийин биз эң маанилүү майрамдардын бири – Орозо айтты белгилейбиз! Бүгүн майрамдык айт намазын окуп, Жараткандан жерибизге, туугандарыбызга, досторубузга тынчтык, өз ара түшүнүшүү жана береке тилеп жатабыз. Мен жеке өзүмдүн жана Ош шаарынын мэриясынын атынан жалпы мекендештерди айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм жана ар бир пендеге жакшылыктарды каалайм.
Баарыңыздарды ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн, ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык, ынтымак, чың ден соолук, береке жана ийгиликтер болсун! Ар бир адамдын жан дүйнөсүнө тынчтык каалайм. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Орозо айт маарек болсун урматтуу мекендештер!" деди мэр куттуктоо сөзүндө.
Шаардын борбордук аянтындагы айт намазга жалпысынан 13 миңден ашык адам катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан