SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Нуриза Өмүрбаева.
ТҮНКҮ ЖАЗ
Жаратчудай бир шедевр шул түндө,
Жалгыз адам мен бул үйдө жата элек.
Сирень ачкан терезенин түбүндө,
Сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек.
Кечээгиден неге бүгүн күлкүм аз?
Керек беле ыйлап сыздап айтышым.
Сирень, сиңдим, мемиреген түнкү жаз,
Силер туйбас жүрөгүмдүн кайгысын.
Бул ырыма уккулуктуу сөз таппай,
Бузгансыймын түнкү жаздын уйкусун....
Ыр жазылбай калган актай баракка,
Тартып койдум бир жигиттин тулкусун.
Сирень ачкан терезенин түбүндө,
Сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек.
***
Таштап чыктым күндөрүмдү бороондуу,
Бул сапарым кайсы жерден токтомок.
Кетем бүгүн узатканым жок өңдүү,
Кайтып келсем тосуп алчум жок болот.
Таштап чыктым жакын деген адамды,
Багым эле толбос дагы, кемигис.
Жолдор бөлүп, мезгил бөлүп араны,
Жолукпаспыз, кааласак да эми биз.
Таштап чыктым жамгыр, карлуу калааны,
Санаага бай, сараң эле жыргалга.
Айталбадым ушул жолдун азабын,
Тагдырынан жеңил чыккан ырларда.
Таштадым мен, барымды да, жогумду
Жолго чыктым, жүрөк менен көп күйгөн.
Өткөн күндөр торобосун жолумду,
Качандыр бир жаныш үчүн өчтүм мен...
***
Өлдү дешти... Ажалга ким көнбөгөн,
Ичтен сыздым, карекке жаш толбоду.
Мерез болуп калган сыяк өңдөнөм,
Мени баштап алып жүргөн жолдо бу
Өлдү дешти, ичээр суусу түгөнүп,
Өлүм сага ким каршылык кыла алсын?
...Акыретке узатканы баратып,
Ак бугуну угалы деп сурандым...
Көргөн күнү көп күлдүрдү, ыйлатты,
Боло алдыбы бул өмүрдө бактылуу?
Жолдо барам, жүрөгүмдү сыздатты,
Жоготуунун арман күүсү Ак бугу.
Сабыр айтып, сапарлаштар жубатты:
"Ыйманы ысык, пейли таза жан эле"
Бардык доорду жашап өткөн сыяктуу,
Байыркымдай, тарыхымдай бар эле.
Айтпай кетти ак-карасын дүйнөнүн,
Неге күлдү? Неге көпкө жашыды?
Бири ыйлап,эстеп анан бирөөсү,
Өлгөнүндө өсө түштү кадыры.
Өлдү дешти, ичээр суусу түгөнүп
Өлүм - чындык. Ким каршылык кыла алсын?
Акыретке узатканы баратып,
Ак бугуну угалы деп сурандым...
***
Чарчатат ушул турмуш баш аламан,
Жашаймын күндү узатып, таңды тосуп.
Арманым, арызымдан тажабаган,
А деңиз жанымдагы жалгыз досум.
Жашоонун жасалмалуу шаңы менен,
Көөнөргөн көңүлүмдү алдап келдим.
Жандарды жүрөгүмдү тааный элек,
Жарыгым тийбей мен да жандап көрдүм.
Боштукка боюн таштап жылдар өлөт.
Үлбүрөп чырак өчөт түнөгүмдө.
Күнүмдүк жанган отко жылынам деп,
От жакпай койгон экем жүрөгүмө.
Жарыкка батпаган жан кайда батат?..
Жалган деп жашаганым чыным экен.
Сурабайм бакыт. Бактым алда качан,
Кудайдын колдорунан чыгып кеткен.
Ыйласам болмок бүгүн, себебим көп.
Баягы оттуу нур жок карегимде.
Жашоонун өзү мага кереги жок.
Бакыттын эми мага кереги не?
Кезинде жаным менен жуурулгансып,
Кусалык жашачу эле жүрөктү эзген.
Керексиз бир сүйүүгө сыртым салып,
Сүйүктүү болгум келген күндөрдү эстейм.
Мен анда билбептирмин сүйүлүүдөн,
Сүйүүдөн жүрөк бир күн баш тартаарын.
“Кечир” деп катты баштап, катты аяктап,
Кете алсам, кетет элем таштап баарын.
Кете албайм. Өз колумдан шөкөттөлгөн,
Бул жашоо капас мага каалгасы жок.
Өтпөстүр эми сүйүү көчөм менен,
Кол булгап очогумда жанбастыр от.
Өтпөстүр эми сүйүүм көчөм менен,
Кол булгап очогумда жанбайт бир от.