Абитуриентке ЭКИ сөз: IT билимди университеттен алган оңбу же курс жакшыбы? IT адиси менен маек

Окуу жылынын аякташына саналуу гана күндөр калды. Учурда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн алдында кесип тандоо маселеси турат. Айрым окуучулар “Кайсы кесипти тандайм? Кайсы окуу жайга тапшырам? Кесип тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?” деген өңдүү суроолорго кептелип, кандай адистикке тапшырарын чече албай ара жолдо турган чагы. Андыктан окуучуларга келечектүү кесип тандоо үчүн багыт берүү максатында SUPER.KG порталынын "Абитуриентке ЭКИ сөз" рубрикасынын бул жолку каарманы Нурсултан Турдалиев IT адистиги туурасында айтып берди.

- Саламатсызбы! Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

- Аты-жөнүм Нурсултан Турдалиев, Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында төрөлгөм. 6-класска чейин айылдагы орто мектепте окудум. 2010-жылы Кадамжайдагы “Семетей” лицейин аяктап, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнө тапшыргам. Андан соң Түркиядагы Коджаэли университетинде дал ушул бөлүмдө магистратурада билим алгам. Учурда Германиядагы “Wayfair” компаниясында улук-программист болуп эмгектенем.

- Эмне үчүн IT адистигин тандап алдыңыз?

- Көп эле себептер болгон. Мисалы, лицейде окуп калгандыгым, ал жактагы билим берген мугалимдерим. Ошондой эле бул жаатта окуп, иштеп жаткан агалар да түрткү болгон десем жаңылышпайм. Эң негизгиси программалоого болгон кызыгуум болду. Дегеним, компьютер менен отурсам эле убакыт кандай өткөнүн сезбей калчумун. Ошондон тарта менин кесибим программист экенин аңдап, бул тармакта ийгиликтерди жарата аларыма ишендим.


- Ар бир иштин кыйынчылыгы, анан жыргалчылыгы болот эмеспи. Кесибиңиздин күнгөй-тескей жактарын да айтып берсеңиз?

- Жакшы жактары – дүйнөнүн булуң-бурчунан жумуш тапса болот, универсалдуу, салттуу кесиптердегидей дипломду деле талап кылбайт, эң популярдуу жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүктү талап кылган кесип. Дайыма жаңыланып, күн сайын билимди жаңыртып турууну талап кылат. Жумуш табуу эч кандай кыйынчылыкты жаратпайт. Маселен, Кыргызстанда туруп эле дүйнөнүн бардык жериндеги компанияларда иштесе болот.

Ал эми айрым учурда тапшырма же долбоор үстүндө иштегенде аябай эле кыйын болушу мүмкүн. Жумушта талап жогору болгондо, күнү-түнү же жума аягында иштегендерди билем. Мындай жагдайда көбү стресске кабылышат, ден соолугун да начарлатып алгандар бар. Ошондой эле жакшы жумуш орундарына атаандыштык көп болгондуктан кээде интервью үчүн эс алуу күндөрүн курмандыкка чалып, ага айлап-жылдап даярдангандар да бар.

Өзүм жөнүндө айтсам, бат-баттан эс алып, жумуш менен жеке жашоодогу тең салмактуулукту кармап турганга аракет кылам. Эгерде жумушта талап жогору болуп, стресс, депрессияга алып келе турган болсо жумуш ордун алмаштырып кетем. Жумушчуларына эркиндик жана ишеним берген компанияларды баалайм. Андыктан катуу көзөмөлгө алып, ар бир кыймылыңды текшерип турган компаниялардан алыс болгула деп айтар элем.

- Сиздин оюңузча IT билимди университеттен алган оңбу же курс жакшыбы?

- Менин оюмча университеттен алган оң болот. Анткени ал жакта фундаменталдык билимди берет. Натыйжада жогорку окуу жайдан билим алган студент IT’нин кайсы тармагында болбосун эч кыйналбай, универсалдуу болушат. Ошондой эле дүйнө таанымы терең болот. Ал эми атайын курстарда бир багыт боюнча гана окутат. Албетте, ал билим жумушка кирүү үчүн жетиштүү болушу мүмкүн, бирок андан да жакшы программист болуу үчүн кайрадан фундаменталдык билимди окуп чыгууга туура келет.

Университет жумуш таап берүүчү мекеме эмес, илим, билим жана тарбия булагы катарында көрсөк, балким, дагы да башкача ой жүгүртө баштайбыз.

- Сиздин тандаган кесип менен канча өлчөмдө каражат тапса болот?

- Айлык акы программисттин жөндөмдүүлүгүнөн, тажрыйбасынан, жашаган шаарынан жана ээлеген позициясынан көз каранды. Маселен, айына 1000 доллар алгандар да, 20 миң доллар тапканы да бар.

- Кесип тандоо алдында турган абитуриенттерге кандай кеңештерди берет элеңиз?

- Ар бир доордун, замандын өзүнүн популярдуу кесиби болот экен. Бир убактарда баары юрист же экономист болгусу келчү. Азыркы учурда - программист. Бирок IT башка тармактардан чоң тармак болгондугу жана универсалдуулугу менен айырмаланат. Мен IT’ни 30-40 жашында окуп баштагандарды билем. Ал эми кесип тандоо алдында турган бүтүрүүчүлөр өзү сүйгөн тармакты таап алууга убакыт жагынан утушка ээ. Андыктан программист болом дегендерге бул тармакка баш багып көргүлө дээр элем. Эгер жакпаса башка тармакка өтүп кетүүгө ар дайым мүмкүнчүлүк бар.

IT адиси болом дегендер өз алдынча изденип, аналитикалык ой жүгүртө билиши керек. Анткени IT тармагында күн сайын өзгөрүүлөр болуп турат. Дегеним, өзүңдү өзүң өнүктүрбөй койдум дегиче, регрессия башталат, күндөн-күнгө алган билимиң эскире берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан