Бишкек мэриясы Жеңиш күнүнүн майрамдык программасын жарыялады

Бишкек шаардык мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоого карата мерчемделген иш-чаралар тууралуу кабарлады.

Ага ылайык:

4-майда Дайыр Асанов атындагы сейил багында митинг-реквием, ардагерлерге арналган концерт болот.

5-май күнү "Жеңиш ырлары" унаа жүрүшү өтөт.

7-май күнү Чүй кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги баатырлар аллеясында курман болгон жоокерлердин эстелигине гүл коюу аземи орун алат.

Ал эми 9-майда түштө гала-концерт, ошондой эле "Өчпөс оттун" жанындагы Жеңиш аянтында майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

Белгилей кетсек, өлкөдө акыркы эки жылы 9-майда параддар жана башка иш-чаралар коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөрүлгөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан