Эртең, 3-майда өлкөгө Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто расмий сапар менен келет. Бул туурасында ТИМден билдиришет.
Ага ылайык, эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жана Венгриянын тышкы иштер министрлеринин төрагалыгы астында кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 2-жыйыны өткөрүлүшү пландалууда.