Бишкек-Торугарт унаа жолунун 163 чакырымында кургак чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, аталган унаа жолдун 163 чакырымындагы жээкте кургак чөптөр жана токойлор күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине Балыкчы шаардык өрткө каршы бөлүмүнөн 2 өрт өчүрүүчү унаа жана 22 куткаруучу тартылган. Өрт саат 15:02де чектөөгө алынып, 21:17де толук өчүрүлдү.
Жалпы 5 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.