“Кыргызстанда учурда диний кырдаал оор”,- деди ЖКнын 28-ноябрдагы жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев. Ал билдиргендей, бул маселени президент Коргоо кеңешинин жыйынында карашы керек. “Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан диний тармакка көзөмөлдү кескин күчөтүп, ал жактан качып чыккандар биздин өлкөдө өздөрү каалаган саясатын жүргүзүп жатат. Диний ар кандай уюмдардын өкүлдөрү имамдар менен иштешүүдө”,- деди депутат.
Осмоналиев диний коопсуздук боюнча УКМК менен ИИМ эч кандай чара көрбөй жатканын кошумчалады.