Чүйдө сүт алуу маселеси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан 9 райондо фермерлер, кайра иштетүүчүлөр, сүт ташуучу унаалардын айдоочулары жана калк арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, иш-чаралар Чүй облусунун дыйкандары менен тургундарынын актуалдуу маселелери боюнча мүмкүн болгон нааразычылыктарын өз убагында аныктоого багытталган.

"Белгилей кетсек, жүргүзүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралардын жүрүшүндө калк тарабынан сүт алуу маселеси боюнча көйгөйлөр айтылган жок. Мындай иш-чаралар мындан ары да улантылат" деп жазылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда “Чүй облусунун дыйкандары сүттү тонналап төгүшөт” деген маалымат тарап, заводдор аны сапатсыз деп кабыл албай жатышат, сүттүн баасын арзандатууда деген маалыматтар жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан