
Талас облусуна Алтайдан 35 марал алып келинип, Беш-Таш коругуна коё берилди. Бул туурасында президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас жергесине маралдарды багуу боюнча илимдер академиясы тарабынан атайын аныкталган корутунду чыгарылган.
Белгилей кетсек, маралдарды алып келүү долбоору “Альянс-Алтын” компаниясынын алдындагы “Бакубат Талас” фондунун каржылоосунда ишке ашкан.