Байге фонду 3 жарым миллион сом. Баткенде улуттук ат оюндары өтүп жатат (фото)

Баткен облусунда республикалык деңгээлде улуттук ат оюндары өтүп жатат. Оюн Кадамжай районунда өтүп, өлкөнүн жети дубанынан жалпы 26 команда ат салышууда. Бул туурасында президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Белгилүү болгондой, жалпы байге фонду 3 миллион 500 миң сом.

Улуттук оюндардан ат чабыш, көк бөрү, ат оюндары (кыз куумай, тыйын эңмей, ат үстүндө жигит өнөрү, эр сайыш) эр эңиш жана салбуурун оюндары 9-майга чейин өткөрүлөт.

Аталган улуттук ат оюндары 9-Май - Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата, Сүймөнкул Чокморов, Үсөн Кудайбергенов жана Умсунай Эркинбаеванын жаркын элесине арналып өткөрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан