Өлкөдө бир жумада 18 миңден көп жол эрежесин бузуу катталды

Акыркы жумада республикада 18902 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 892 унаа токтотуучу жайга коюлган.

Алардын ичинен:

катуу ылдамдыкта айдагандар – 3522;

тиешелүү документи жоктор– 174;

эксплуатациялоо эрежелерин бузгандар – 6439;

Тиешелүү органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандар – 22;

Автоээнбаштык – 4;

жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандар – 1074;

тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандар – 130;

жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар – 6409;

Унаасынын алдыңкы айнектеринин караңгылатып алгандар – 60;

мас абалында – 82;

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин бузбоого чакырат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан