"Кайсы жакка баруу керек?". Май айындагы майрамдарга карата иш-чаралардын тизмеси
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 9-майга чейин боло турган иш-чаралардын тизмесин жарыялады.
Программага ылайык, бардык иш-чаралар Ынтымак-2 сейил багында кечки саат 18:00дө өтөт.
* 3-май күнү Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры;
* 4-май күнү Кыргыз улуттук К. Молдобасанов атындагы консерватория;
* 5-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония;
* 6-7-май күндөрү “Манас” Кыргыз улуттук театры;
* 8-май күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры;
* 9-май күнү Токтоблот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры концерттик программаларды уюштуруп өткөрөт.
Мындан сырткары, аймактардагы театр оюн-зоок мекемелери жана маданият үйлөрү 1-3-5-7-9-май күндөрү ачык эс алуу жайларында, сейил бактарда концерттик программаларды, көркөм окууларды, аймактан чыккан көрүнүктүү чыгармачыл ишмерлер менен жолугушууларды өткөрөт.