Ысык-Көлдө эки күн ичинде 218 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ысык-Көлдө эки күн ичинде 218 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-2-май күндөрү Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан унаанын терезесин караңгылатып алган 3 айдоочу кармалып протоколдор түзүлдү. Унаалар айып короолорго токтотулуп, ар бирине 5 500 сомдон айып салынды.

"Ошондой эле эки күндүк иш-чара учурунда жол эрежелерин бузган 218 айдоочу аныкталып протоколдор түзүлдү. Анын ичинен мас абалында унаа башкарган 6 айдоочу кармалып, жалпы 16 унаа айып короого токтотулду.

Жол эрежелерин бузуп, салынган айыптарды төлөбөй жүргөн 9 унаа аныкталып, протоколдор түзүлүп, унаалар айып короого токтотулду. Айыптар толугу менен төлөнгүчө автоунаалар айып жайларда кармалууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан