Калыкбек Султанов, министр: “Төө-Ашуу тоннели заман талабына жооп бербей калды”

Жогорку Кеңеште бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Түндүк-Түштүк кошумча жолун куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов бул жолдун курулушу элдин коопсуздугу үчүн абдан зарыл. “Бул жолду куруу боюнча бир нече вариант сунушталып, эң ыңгайлуусуна токтолдук. Белгилүү болгондой, Төө-Ашуу тоннели заман талабына жооп бербей калды. Жол курулуп калса түндүк менен түштүктүн соода карым-катышы көбөйөт”,- деди министр. 

Айта кетсек, жолду куруу боюнча Кытайдан 400 миллион долларлык жеңилдетилген насыя алынат. Аны төлөө мөөнөтү 20 жыл, жылдык үстөгү 2 пайыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан