Президент Садыр Жапаров «Мурас» футбол боюнча достук мелдешине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Белгилүү богондой, спорттук иш-чарага 12 команда катышат.
• А тайпасы: президенттин администрациясы, «Ден соолук», Жогорку Кеңеш;
• В тайпасы: «Өнөр», «Билим», «Ыйман»;
• С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорттук федерациялар»;
• D тайпасы: «Алга», «Аймактар», «Журналисттер».
4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш болот.
Турнир Кыргызстандын футбол союзунун жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.