Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун фермерлери жана сүт продукциясын өндүрүүчү ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучулары учурдагы айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү, тагыраагы сүт алуу жана анын сапаты, баасы боюнча фермерлер менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн учурдагы абалды талкуулашты.
Анда тараптардын ортосунда сүттү кабыл алуу жана анын сапатын баалоо боюнча бирдиктүү стандарттар жок экени, бул көп учурда талаш-тартыштарды жаратары айтылат.
"Жолугушуунун жыйынтыгында кызыкдар тараптардын катышуусунда эки жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Биринчи жумушчу топ кайра иштетүүчү ишканалар менен продукцияны тапшыргандардын ортосунда сүттү кабыл алуу жана анын сапаты боюнча стандарттарды түзөт.
Экинчи жумушчу топ фермерлер менен продукция тапшырган адамдардын ортосунда түзүлөт, топ өз ара иштөө эрежелерин жана шарттарын аныктайт.
Сүт тапшыруучулар кайра иштетүүчү ишканалардын сүттүн сапаты боюнча лабораториялык жыйынтыгына ишенбей жаткан учурларды эске алуу менен Ветеринардык кызматка мындай талаш-тартыштарга ыкчам реакция жасап, сүттүн сапатын изилдөө жана баалоо жүргүзүүсү боюнча тапшырмалар берилди", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле тармактык ведомстволорго фермерлер үчүн мал чарбачылыгына кам көрүү боюнча маалыматтык роликтерди даярдоо тапшырмасы берилгендиги маалымдалат.