Ош шаарында жарандардын массалык уулануусуна алып келген таттуу токочтор жок кылынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта белгиленгендей, таштанды таштоочу жайда санэпид көзөмөл борборунун кызматкерлери тиешелүү комиссиянын катышуусунда жарандардын массалык уулануусуна алып келген “Сахобат” цехинин кондитердик азыктарын жок кылышты.
Маалымат үчүн:
Ошто кондитердик азыктан 35 адам ууланып, анын ичинен 18и 14 жашка чейинки балдар болгон. Кондитердик азыктан ууланган 14 бала ооруканада дарыланып жаткан.