Акыркы суткада өлкөдө коронавирус илдети катталган жок. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилүү болду.
Билдирүүгө таянсак, COVID-19 илдетинен сакайып 1 бейтап үйүнө чыгарылды. Ал эми амбулатордук дарыланууда 4 бейтап бар.
Жалпы республика боюнча 200 993 адам кооптуу илдетти жуктуруп алса, 196 406 бейтап сакайды.