Кара-Кулжа районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Ага ылайык, Чалма айыл аймагынын Буйга айылынын Беш-Кемпир чегинде кокту-колоттордон түшкөн сел болжол менен саат 18:00 чамасында 2020-жылы курулган унаа көпүрөнү толугу менен алып кеткен. Жабыркагандар жок.
Көпүрө 2020-жылы ӨКМ тарабынан "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралар" мерчеминин негизинде курулган. Бул жагдай боюнча маалымат Кара-Кулжа РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Сел жүргөн аймакта милиция кызматкерлери коопсуздук чараларын көрүшүүдө.