Бай болууга тоскоолдук кылган адаттар кайсылар? Адистер аларды тизмектейт

Жашоого канааттанбоо, өзүн башкалар менен салыштыруу жана башка терс адаттар адамдардын финансылык бакубаттуулукка жетишүүсүнө тоскоол болот. Психологдор айтмакчы, жашоодо "кедей" деп аталган адамдардын категориясы бар. Мындай адамдарга акча, сүйүү, бакыт жана башка нерселер жетишпейт. Аны менен катар өздөрүн камсыздай алган, бирок байыбаган адамдардын тобу да бар. Алар ички потенциалы тууралуу айтышат, бирок аны ишке ашыруу үчүн күч жумшашпайт. Социалдык тармактарда убакытты текке кетиришет. Бул ирет психологдордун корутундусуна таянуу менен баюуга тоскоолдук кылган сапаттарды тизмектеп берүүнү чечтик.

Принциптин жоктугу

Жашообуздагы мүчүлүштүктөрдүн негизги себеби өзүбүзгө талапты катуу коё албагандыгыбыз. Ишиңизди кийинкиге калтырып, кесиптештериңиздин, туугандарыңыздын, балдарыңыздын өтүнүчүн аткаруу үчүн чуркап жүргөнүңүздү байкадыңызбы? Бул өңдүү көрүнүштөр көп кездешет. Максатыңызга жетүү үчүн убактыңыз жок.

Өзгөрүүнү каалабагандык

Жашоодогу өзгөрүүлөр эч кандай өзгөрүүгө алып келбейт деген ишеним кыялыңызга карай алдыга умтулууга тоскоол болот. Финансылык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк болгондо, бирок ошол эле учурда жумушуңузду алмаштыруу же башка шаарга көчүү керек болгондо, сиз бул кадамдын зарылчылыгынан күмөн санай баштайсыз. Тобокелге баруудан жана жаңы нерселерди жасоодон коркосуз. Байлык оңой менен келбейт.

Бир күн менен жашоо

Ким бир күн менен жашаса, ал кыялданбайт жана келечекке план түзбөйт. Ушундан улам көпчүлүк керексиз чыгымдар пайда болот. Олуттуу нерселерге акча топтоонун ордуна андан да чоң чыгымды талап кылган иштер менен алектенет. Сизге акча алып келе турган нерсеге гана инвестиция жасоо керек, ошондо сиз каалаган нерсенин баарын ала аласыз.

Өкүнүү

Кээде бир нерсени жасоону же өзгөртүүнү каалабоо өзүн-өзү аяп калуудан келип чыгат. Эртең менен эрте туруп жумушка келгенде өзүбүздү аяйбыз. Тагдырыбыз тайкы болуп, убагында башка адистикке окууга жиберишкенине өкүнөбүз. Бардык нерсеге өкүнөбүз. Бул алдыга жылууга тоскоол болот.

Керектүү адамдар менен керектүү жерде болуу

Үйдө отурсаң эч качан байыбайсың. Байланыштар көбүнчө ийгиликтүү адам болуу үчүн чечүүчү ролду ойнойт. Сиз бардык корпоративдик иш-чараларга катышууңуз керек, таанышуунун демилгечиси болуудан коркпоңуз, өз көз карашыңызды билдириңиз.

Ишти жарым жолго таштоо

Адегенде бир ишти, анан башка ишти колго алган адам эч качан ийгиликке жете албайт. Алдыга койгон максатка жетпөө - эч нерседен ийгиликке жете албаган адамдын көйгөйү. Натыйжаларга жетүү үчүн сиз эмнени каалап жатканыңызды, сизге реалдуу киреше алып келе турган нерсени так түшүнүшүңүз керек.

Билимди толуктабагандык

Балким, сиздин билимиңиз эчак эскирип калгандыр, сиздин жөндөмүңүз эч кимге керек эмес. Сиз өжөрлүк менен аларды колдонууга аракет кыласыз жана эмне үчүн алар суроо-талапка ээ эмес экенин түшүнгүңүз келбейт. Ар дайым изденген адам гана ийгиликке жетет. Бирок айрым учурларда адамдын аты эмес, багы чуркап кеткен мезгилдер болот.

Ыңгайлуу учурду күтүү

Ар бир адам жакшы акча табууну каалайт, бирок чечкиндүү кадамдарга даяр эмес. Кээ бирөөлөр жашоодо дайыма эле пайда боло бербеген ыңгайлуу учурду күтүп жатышат. Албетте, көптөгөн идеяларды жана долбоорлорду ишке ашыруу капиталды талап кылат, бирок бардык долбоорлор акча сарптоолорду талап кылбайт. Кээде тапкычтык жана чебер колдор ийгиликтүү бизнестин негизги атрибуту болуп саналат.

Кудай буюргандай жашоо

Жашоого пландар жок, график жок, аткарыла турган иштердин тизмеси жок - бул жөнөкөй адамды ийгиликтүү адамдан айырмалап турат. Жакшы жакка кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү баштоо үчүн кичинеден баштоо керек. Жок дегенде кийинки күнгө план түзүп, бардык пункттарды так аткарыңыз. Бара-бара пландоо адатка айланып, пайдалуу убакытка канча бош убакыт калганын түшүнөсүз.

Эң негизгиси билим алып, алдыңызга көбүрөөк максаттарды коюуну унутпаңыз. Башкысы, сиздин аракетиңизди жакындарыңыз колдосун. Акча – бул биздин жашообузду камсыздоого жумшаган энергиянын материалдык эквиваленти.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан