Бүгүн, 4-май күнү кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын 4 жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова 29 жашка чыкты. Кыргыз күрөшүнүн тарыхында дүйнөнүн 2 жолку чемпиону болгон балбан айым 1993-жылы 4-май күнү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жарык дүйнөгө келген, балалыгы Нарында өткөн. Айсулуунун 2 эжеси, агасы жана иниси бар.
Бала кезинен спортко жакын болгон Тыныбекова 8-класска чейин баскетбол ойногонду жактырган, 9-класста таэквондо ийримине катышкан. Кийин 10-классты бүткөндө күрөшкө кызыгып, машыгууларга олуттуу мамиле кылып, өзүнүн спорттук карьерасын баштаган.
Ал кесипкөй спорттогу карьерасында эң беделдүү делген мелдештерде жалпы 20дан ашык медалга ээ болгон.
Кыргыз элинин сыймыгы, эл аралык даражадагы спорт чебери Айсулуу Тыныбекова социалдык баракчаларына спорттук кийимден тышкаркы образдарын жарыялап, көпчүлүктү суктандырып келет.
Балбан айымдын көркүнө көрк кошкон көйнөкчөн сүрөттөрүн тартуулайбыз.