Бишкек-Ош унаа жолунда (6-60-чакырымында) 4 айда 74 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 12 адам каза болуп, 96 адам ар кандай жаракаттарды алышты. Мындай маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан таратышты.
Атайын кызматтан билдиришкендей, түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү сыяктуу кырсыктардын келип чыгышынын негизги себеби көчөлөрдөгү жасалма жарыктандыруунун жоктугу болуп саналат.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан аталган унаа жолдун тилкесинде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча тынымсыз алдын алуу иштер жүргүзүлүүдө. 3 ай ичинде Сокулук, Москва, Жайыл райондорунун ЖККК кызматкерлери тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесинин талаптарына ылайык, 493 жөө жүргүнчү жоопкерчиликке тартылган.
"Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Кытай темир жол инженердик компаниясынын жетекчисине 2022-жылдын 25-февралына чейин коопсуздук коркунучун жараткан жолдорду тейлөөдөгү аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө көрсөтмө жазылган. Ал эми көрсөтмөнүн талаптарын аткарбагандыгы үчүн Кытай темир жол инженердик компаниясынын ЖКК боюнча инженери Б.Жумалиевге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү менен 23 000 сом айып салынган. Бирок текшерүү учурунда белгилүү болгондой, узак убакыт бою бул иш-чаралар аткарылган эмес.
Ошондой эле 2022-жылдын 29-мартында комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен 11 жерге шумдуу тилкелерин коюу, 4 жерге чакырылуучу жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак куруу, кошумча 4 жерге темир тосмолорду орнотуу, кийинки бурулуштун жана кескин бурулуштардын жакын аралыгына байланыштуу 17 жерге парапеттер менен артка кайтаруучу жерлерди жабуу боюнча кошумча сунуштар киргизилген", - деп жазылат маалыматта.