
Арал-Миң-Куш унаа жолу ачылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жерине жолду кеңейтүү иш-чараларын улантууга ӨКМдан ыкчам топ жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 6 техника тартылган.
Эскерте кетсек, 1-май күнү саат 15:00 чамасында Арал-Миң-Куш унаа жолунун 20-чакырымында 15000 куб метр көчкү түшүп, Миң-Куш дарыясынын жарымын басып калып, суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдун болжол менен 35-40 метр аралыгын жеп кеткен. Буга байланыштуу унаа жол убактылуу жабылган.