Медицина кызматкерлеринин маянасы канча сомго жогорулады? Сурамжылоо

Өлкө аймагында 1-апрелден баштап саламаттыкты сактоо тутумундагы иштеген кызматкерлердин маяналары 50 пайызга чейин жогорулатылды. Ал эми кызматкерлер жогорулатылган айлык акыларын 25-апрелден тарта колуна ала баштамак.

Ага ылайык, SUPER.KG порталы аталган тармакта иштеген кызматкерлерден сурамжылоо жүргүздү.

Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Кулунду айылындагы жалпы дарыгерлик борборунда 4 жылдан бери эмгектенип келе жаткан үй-бүлөлүк дарыгер Уларкан Мурзабекова маянасы 50 пайызга көбөйгөнүн белгиледи.

“Мурун 11-12 миң сом айлык алчумун, азыр 17 миң сом колума тийди”, - деди ал.

Гүлназ Эдил кызы Петровка айылында жайгашкан “Родничок” психоневрологиялык балдар санаторийинде балдар психиатры болуп иштеп жатканына 1 жарым жылдын жүзү болду. Мындан тышкары ал Бишкектеги Республикалык психиатрия жана наркология борборунда да эмгектенет.

“Буга чейин 10 миң сом алсам, учурда айлык акым 15 миң сомго көтөрүлдү. Ал эми экинчи жумушумда 3 жылдан бери балдар психиатры болуп иштейм. Ал жактан алган маянам 7300 сом болду, мурун 5300 сом болчу”, - деп билдирди ал.

Арууке Жалалбек кызы – кесиби лаборант, Бишкектеги Спорттук-реабилитациялык борборунда эмгектенет.

“Ишке киргениме 10 айдын жүзү болду. Буга чейин 12 миң сом айлык алсам, азыр көбөйтүлгөн сумма менен 18 миң сом маяна чыгыптыр. Анын ичинен 4 миң сом соцфондго кармалса, колго тийгени 14 миң сом болду”, - деди ал.

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылындагы оорукананын биринде фельдшер болуп эмгектенген Мээрим Бөдөнбаева 16 жылдык стажысы менен маянасына 5 миң сом кошулганын билдирди.

“Мурун 10 миң сом маяна алсам, азыр 15 миң сом алдым”, - дейт ал.

Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборунда онкохирург болуп эмгектенген Азамат мырза 6 жылдык стажысы менен 10 миң сом айлык акы алганын айтты.

“Буга чейин 5 миң сом алчумун, ушул айдын айлыгы деп 10 миң сомду колго алдым. Ошентип маянам 5 миң сомго көтөрүлүптүр”, - деп белгиледи ал.

“Стажы жок маянам 3225 сомго көбөйүптүр, ошону менен 12 миң сом алдым. Бирок мугалимдердикине караганда аз кошулуптур”, - дейт Токтогул районундагы ооруканалардын биринде иштеген медайым Чынара Эдилбек кызы.

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы ооруканалардын биринде 30 жылдан бери дарыгер болуп иштеп келе жаткан Гүлсара Алтымышова маянасы көбөйтүлгөнүнө кубанганын жашырган жок.

“Өзүм үй-бүлөлүк ооруканалардын биринде дарыгермин. Буга чейин алган айлыгым 38 миң сом болчу, азыр 51 миң сом болуптур. Башында “мугалимдер бир ставка менен 50 миңден ашык маяна алат экен, ал эми мен ал акчаны күнү-түнү иштеп табат экенмин” деп жаткам. Бирок кайра күзүндө көбөйөт дегенинен шүгүр кылдым”, - деди ал.

Ушул эле райондогу ооруканалардын биринде дарыгер болуп эмгектенеген Татина айым 16 жылдык стажы менен 53 миң сом алганын айтат. Ал эми анын буга чейин алган маянасы 38 миң сомду түзчү.

Айнура Терекбаева Чүй облусуна караштуу Кожомкул айылындагы ФАПта акушер болуп иштеп жатканына 31 жылдын жүзү болду.

"Мурда алган айлыгым 13 миң сом болчу, азыр 21 миң сом чыгыптыр", - деп билдирди ал.

Нуржан Усупова Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылындагы поликлиникада гинеколог болуп 14 жылдан бери иштеп келет. Анын айтымында, алган маянасы 15 миң сомдон 25 миң сомго чейин көтөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан