Ош-Бишкек жолунун 456-чакырымында сел жүрдү

Ош-Бишкек унаа жолунун 456-чакырымында сел жүрүп, ылай аралаш таштар жолду тосуп калды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, айтылган жерге Таш-Көмүр шаардык ЖКК бөлүмчөсүнүн өздүк курамы жана ЖКК саптык бөлүгүнүн взводунун 2 экипажы тартылды. Алар адамдардын ден соолугуна коркунуч жеткирбөө максатында жолду эки тарабынан убактылуу жаап турушкан.

Жол тейлөө мекемесинен 2 даана жүктөгүч тартылып, саат 20:45де жол агындылардан толук тазаланып, эки тараптуу кыймылга ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан