Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, Түндүк-Түштүк кошумча жолунун курулушу быйыл жазында башталат. Айта кетсек, ЖКнын 28-ноябрдагы жыйынында аталган жолду куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралды. “Бул жол Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан аркылуу Орусияга чыгып кеткен транзиттик жолго айланат. Жолдун курулушу жазында эки тарабынан башталат. Каржы маселелери чечилип турса 5 жылда бүтүп, колдонууга берилет”,- деди Султанов.
Министр жолдун курулушу менен Ысык-Көлдө туризм тармагын өнүктүрүүгө жол ачыла турганын кошумчалады. “Түштүктүн, жалпы Фергана өрөөнүнүн жашоочулары Бишкекке келбей эле түз жана тез Ысык-Көлгө барууга шарт түзүлөт”,- дейт министр.