"Кыргыз алтын" ишканасы былтыр жоготкон макамын кайра алды

LBMA «Кыргызалтындын» аффинаждык заводуна «Good delivery» эл аралык статусун калыбына келтирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров LBMA'нын бул чечимин жогору баалаарын билдирген.

«Министрлер кабинети LBMA'нын «Good delivery» статусун калыбына келтирүү чечимин кубаттайт жана жогору баалайт. Бул чечим оңой болгон жок. “Кыргызалтын” ААКсы акыркы жылдагы эң ири алтын өндүрүүчү ишкананын кожоюну алмашкан окуяларда көптөгөн сыноонорлорго чыдап, текшерүү процедурасынан татыктуу өтүшү керек эле. Биз дүйнөлүк рынокко алтын жана күмүштү ишенимдүү жеткирүүчү катары LBMA рамкасындагы өз мойнубузга алган милдеттенмелерибизге бекем берилгендигибизди далилдей алдык. «Кыргызалтын» ААКтын аффинаждык заводу мындан ары да LBMA'дагы бардык милдеттенмелерин толук аткарат деп ишенем», - деген Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, кыргыз алтынынын дүйнөлүк рынокко толук кандуу чыгуусун калыбына келтирүү тууралуу кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын азыркы Президентинин командасынын адилет саясатын дагы бир жолу таануу болуп саналат.

«Биз элибиздин кызыкчылыгы үчүн жеңишке жетишүү менен гана чектелбестен, аны биринчи күндөн тартып эле убада кылгандай бардык эл аралык жана укуктук милдеттенмелерди толук сактоо менен аткара алдык», - деген Жапаров.

LBMA кабыл алган чечимине ылайык өткөн жылдын сентябрынан бери бул статусту токтоткон мезгилде “Кыргызалтын” ААК тарабынан аффинаждалган алтын жана күмүштүн бардык көлөмүнө дагы “Good delivery” статусу тааныла турганын баса белгиленди.

Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен былтыркы жылы сентябрь айында чыгарып салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан