Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышты.
Анда кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды.
Камчыбек Ташиев белгилегендей, Өкмөттүк делегация Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүргүзүлөт, атап айтканда, коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.