Өзгөн районундагы Кара-Таш унаа жолу жабылды

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кара-Таш унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, 5-майга караган түнү саат 02:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Чангет айыл өкмөтүнүн Өстүрүү айылынын Кара-Таш тилкесиндеги унаа жолдун 47- чакырымын сел каптап, жол каттамы жабылган.
Ошондой эле бир турак үйдүн короосун суу каптаганы, учурда жолду оңдоп тазалоо иштерин жүргүзүүгө техника тартуу каралып жатканы маалымдалат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан