Жогорку Кеңеште бүгүн, 28-ноябрда Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолун куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору үч окууда колдоо тапты. Мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутаттар тарабынан демилгени талкуулабай эле колдоп берүү сунушу айтылып, добуш берүүдө колдоого ээ болду. Маселе боюнча суроо-жооп кылбай коюуга көпчүлүк депутаттардын мыйзамды колдой турганы себеп болду.
Айта кетсек, аталган жолду курууга Кытайдан 400 миллион доллар насыя алынганы жатат. Жолдун курулушу 5 жылда бүтмөкчү.