Кыргыз жарандарынын Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынат

Кыргыз жарандарынын Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-майдан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Орусияга кирүүгө, ошондой эле Орусиянын жарандарынын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алып салынды.

Тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен Орус өкмөтү кабыл алган.

Белгилей кетсек, бул маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.

Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Орус өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан