"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "кабыргасы кайышкан", "кабыргасы каткан" жана "кабыргасы сөгүлгөн" фразеологизмдерин чечмелеп көрдүк. Аталган фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бакытбек Жунусалиев Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча жазылган "Манас" эпосунан мисал келтирүү менен түшүндүрүп берди.
"Кабыргасы кайышкан" - Боору ооруп аяган, жаны ачыган. Дагы бир варианты оор абалда калган, азап чеккен/тарткан деген мааниде айтылат.
Мисалы:
Аркасынан караса,
Анжияндын Акелик –
Бакпаягы майышып,
Кабыргасы кайышып... (“Манас” эпосу, 163-б.)
"Кабыргасы каткан" - Күчкө толуп, баралына келип, эр жеткен маанисинде колдонулат.
Мисалы:
Бизге окшогон жаш балдар,
Кабыргасы катпайбы... (“Манас” эпосу, 179-б.)
"Кабыргасы сөгүлгөн" - Зээни кейиген, кайгыга баткан, жаны ачыган деген мааниде.
Мисалы:
Көздүн жашы төшүлдү,
Кайгыланып жаш бала,
Кабыргасы сөгүлдү...
(“Манас” эпосу, 335-б.)