Он сегиз жаштагы Жолболсун Адыл уулу изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2004-жылы туулган Жолболсун Адыл уулу 23-марттан бери дайынсыз болууда. Аны акыркы жолу ошол күнү "Айчүрөк" (ЦУМ) соода борборунун жанынан көрүшкөн.
Бою 170-172 сантиметр, узун кара чачтуу, көзү күрөң түстө. Мезгилге жараша кийинип жүргөн.
Көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну укук коргоо органдары өтүнүшөт:
0 557 11-94-10;
0 701 28-28-19;
0 702; 49-8888 жана 102.