"Максаты хайп тура". Эдил Байсалов манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кеткени боюнча үн катты

Буга чейин “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жетекчиси, манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу социалдык тармактарда маалымат тараган.

Анда манасчыга карата "Манас айылы" тарыхый этнографиялык комплексин кайра куруу боюнча долбоорго байланыштуу бийликтен кысым болуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгону айтылат.

Буга карата министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазган.

Ошондой эле ал Сыдыковдун "Ала-Тоо" аянтында 14 саат бою манас айтканын хайп деп баалаган.

"Манас эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөгө даңаза кылып өткөргөнүбүз менен улуу касиеттин алып жүрүүчү болгон манасчыларыбызга, төкмө акындарыбызга, дастанчыларыбызга кош көңүл мамиле жасалып, мамлекет тарабынан эч кандай көңүл бөлүнбөй келген экен. Президент Садыр Жапаров тарыхтын бул аласын, катасын оңдоп, бул өнөрдүн ээлерине өзгөчө көңүл бөлө баштады.
Алгач мамлекеттик Манас театры негизделип, андан соң ага улуттук статус берилди. Өлкө жетекчилиги улуу өнөрдүн ээлери татыктуу айлык акы алып, турмуш шартынан кыйналбасын деп айлык акыны дагы татыктуу коюп берди. Ушул күндөрү манасчылар, төкмө акындар, дастанчыларыбыз эч кимдин көзүн карабаган, мамлекеттик камкордугундагы өнөр ээлерине айланды.
“Манас эпосу – кыргыз элинин рухий дүйнөсүнүн туу чокусу” деп Чыңгыз Төрөкулович айткандай, бул өнөр жылоологон таланттарга мамлекет камкордугун мындан ары дагы улантат.
Эми көңүл жылытарлык иштер жасалып жатканда, көңүлдү ирээнжиткен дагы адамдардын чыгары турган иш экен. Андай окуянын бири Манасты Гиннесстин китебине чейин төмөндөткөн Дөөлөт Сыдыков болду.
Дөөлөт Сыдыков башында мамлекеттин жетекчилигинин планына каршы чыгып, Манас айылынын жерин тартып алып жатат деп чыкканда түшүнбөй калса керек деп көп көңүл бурган жок элем. Эми президент өзү барып, жаңы Манас айылы кандай болорун көргөзүп, жер эч кимге кетпей турганы белгилүү болгон соң, ал иштен дагы күмөн санап, элди удургуткан билдирүүлөрдү жасап жатканын көрүп, максатынын ак экенинен күмөн санай баштадым.
Ырамандын Ырчы уулу, Токтогул, Сагымбай, Саякбай эмне Манастын ишинен күмөн санап, сөзүн калп көрүп, терсаяктанышат беле же Балык ооз манасчы Байтиктин айтканын жалган дейт беле?
Дөөлөт Сыдыков Гиннесс китепке эң узак манас айткан манасчы катары кирем деп, өзүн Саякбайдан өйдө көрүп жүргөндөн көрө, алар кандай адам болгонун өздөштүрсө болмок экен.
Кыргыздын тарыхында эч бир манасчы ордуман турбай, тыным албай узак манас айтам деп Манастын кадырына шек келтирген эмес. Гиннесстин китебине кимдер гана кирбейт? Ити да кирет, бити да кирет.
Мен "Ала-Тоо" аянтына туруп алып 14 саат бою муктаждыгын аткарып дагы койбой, манас айтканда, бул адамдын максаты кандай деп таң калгам. Аны манас айтуу дебейт, аны өзүн-өзү кыйноо дейт. Көрсө, Дөөлөт Сыдыковдун максаты хайп тура", - деп жазган Байсалов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан